www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги төрт райондун көчөлөрү жарыктандырылды

Сегиз ай аралыгында "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы 664 көчөнү жарыктандырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, ишкана бир жылдык планын аткарган.

"Жыл башында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардагы төрт районго 10 миң шам чырак коюу тапшырмасын берген. Бул иштин баары аткарылып, жалпы 664 көчө жарыктандырылды", — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан көчөлөрдү жарыктандыруу иштери уланып жатканын белгилешип, эгер бул маселе боюнча суроо жаралса, 0312 463 089, 0312 576 351 телефондоруна чалып же 0777 902 115 WhatsApp номерине жазууну сунушташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости