www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине карата көзөмөлдөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында Баткен шаарынын Айгүл-Таш подстанциясынын аймагында жайгашкан муниципалдык базардын курулушу, ошондой эле Курманжан-Датка көчөсүндө курулуп жаткан автобекеттин курулуш-монтаждоо иштеринде курулуш ченемдеринин жана техникалык коопсуздук талаптарынын толук сакталбай жаткандыгы аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштеринин сапатын жакшыртуу жана коопсуздук талаптарын толук сактоо боюнча “Араван Ремстрой”, “Идеал”, “Усен Аман” жана “Милан Строй” ЖЧКларына жазуу түрүндө эскертүүлөр берилди.