www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде кыйраган үйлөрдү тазалоо иштери аяктады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Максат жана Арка айылдарындагы тажиктердин кол салуусунан жабыркаган үйлөрдө тартипти орнотуу боюнча тапшырмасын аткарды. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча бузулган үйлөрдү тазалоо иштерине 305 куткаруучу жана 35 техника тартылган.

136 үй тазаланып, курулуштун кийинки этабына даярдалды. 32 мобилдик үй, 61 чатыр тигилди, 1919,61 тонна гуманитардык жардам кабыл алынып, муктаждарга жеткирүү иштери уюштурулууда.

Ошондой эле тазалоо иштерине катышкан адамдар өз үйлөрүнө кайтышканын басма сөз кызматы кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости