www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 11-мартта Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Эки-Таш жергесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара мекемелеринин өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы маалымдады.

Берилген маалыматка караганда, жолугушууда кыргыз тарап Эки-Таш жергесиндеги түнкү атышуу Тажикстандын аскер кызматкерлеринин айынан тутанганын жана алар Кыргызстандын жарандарынын машиналарына таш ыргытышканын айтышкан. Ал эми тажик тарап таш ыргытууга аскер кызматкерлеринин тиешеси жоктугун, муну белгисиз бирөөлөр кылганын жана азыр аларды издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, 11-март түнү болжол менен саат 02.50 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда кезектеги ок атышуу орун алгандыгы айтылган.

Баткен районунун Эски-Таш жерлигиндеги Баткен-Исфана авто жолунун аймагында Тажикстандын чек ара кезмети жолдон өткөн авто унааларды таш бараңга ала башташкан. КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезметинин авто унааларга таш ыргытпоо талабын тажик чек арачылары этибарга алган эмес.

Ал эми кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу максатында аргасыздан эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

Ошол эле учурда аталган жерликте кызматын өтөп жатышкан Тажикстандын башка чек ара кезмети кыргыз чек арачылары жайгашкан байкоо мунарасын көздөй ок атышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кезметтеринин ортосунда 20 минутага созулган ок атышуу орун алып, ок атышуу саат 03.10 токтогон.

Учурда Кыргызстандын Чек ара кызматы “11-марттын 12:30уна карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу деп мүнөздөлөт” деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости