www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Доллар долулана баштады. 2022-жылдын багына салыштармалуу, анда 84, 8 сом болгон бир доллар, эми 103.12 сомго чыкты. Убайын Улуттук банк көрүүдө алар беш жолу чет элдик валютаны интервенциялап 284, 3 миллион долларды алардын ичинде 66, 65 миллион доларды накталай интервенциялады.  2022-жылдын 10-мартында бешинчи ирет 59,3 миллион сомго инвенциялоо болду, аларыдын 39,85 млну накталай. Буга чейин 4-мартта 55,35 млн сомго интервенция болгон.алардын 26, 8 млн,сому накталай. Доллардын куну өсүп бараткан сайын Улуттук банк ка кудай берет.

Улуттук банкта жештин схемасы мындай жума күнү валюта рыногун жөнгө салып, сомдун кунун сактап калуу үчүн интервенцияга шылтоолоп УБ «любимчик» банкына миллиондогондоллар которот. Алтынчы, дем алыш күндөрү бул акчалар коммерциялык негизде «оборотко» кетишет. Ортодо табылган  1 млн. долларды чөнтөгүнө шып салып койот. Доллардын курсун ал жерде шак түшүрүшөт,эки күндө 100 доллардан 100 сом таап, Кубанычбек Бөкөнтаевге  бергендерин да, андан тышкары өз курсагын да тойгузушат. Ушундай ач көз банкирлер бийлеп турганда кыргыздар өспөйт. Мындайларды отоо чөптөй жулуп салыш керек. Акчалар кимдин чөнтөгүнө ойноп жатат, бир кудай билет, бир Кубанычбек Бөкөнтаев билет.

Улуттук банктын сомдун наркын кармап калуу үчүн дагы 284, 3  долларды интервенция кылганы элдин ачуусуна тийип турат. Улуттук банктын доллардын кунун турукташтыруу үчүн жыл башынан берки бир нече жолку интервенциясынын негизинде жүзөгө ашып отурат. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк 2021-жылдын аягынан тартып валюталык интервенциясы жүргүзгөн. Акылбек Жапаров  башында турган министрлер кабинетинин иштегени билинбейт. Эгер доллардын кунун кызыл кулактык менен жогорулатууну көздөгөн түйүндөр жаап салышса туура болмок. Элдин суроо-талабын байкап, ага карата доллардын наркын дароо көтөрүп жибергендер көп.  Улуттук банк чыгарган курска көп деле карабай, негизгиси элдин талабына жараша акча алмаштыраргандар толтура. Долларды көбүнчө элдин суроо-талабына карата өйдө-ылдый кылышат. Байкап карасак доллар жок болуп, элдер дүрбөлөң боло баштаганда товардын наркы көтөрүлөт.Кээде банктар бир кишиге миң доллардан гана сатышат. Ал эми бизнесмендер, базарлардан келгендер миң доллардан эмес, 30, 40, 100 миң долларга чейин алат да. Банк бербей атса, айласыздан чайкоочуга барышат. Анан талап көбөйөт, чайкоочулар наркын көтөрүшөт. Улуттук банк 11-мартта сомдун наркын кармап калуу үчүн 284, 3 доллар интервенция жасаганы айтылууда. Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында долларды сатып алуу 103 сомго чыкты.

Эксперттер да, чайкоочулар да шайлоодон кийин долларга карата сомдун курсунун кулашы дагы тездеши мүмкүн деп жатышат. Анткени шайлоонун үгүт өнөктүгү маалында саясий партиялар кассада доллар менен каткан акчаларын азыр элге чачып жаткан убак. Ал процесс токтогондо эмне болорун айтыш кыйын.

Кыргыз сому коңшу өлкөлөрдүн улуттук акчаларынын наркы кетип жаткан процесске кошо тартылууда. Өткөн жылдан бери Орусиянын рубли жана Казакстандын теңгеси долларга карата дээрлик 70 пайыз кунун жоготту. Кыргыз сомунун наркынын кемиши өткөн жылы 12 пайыз, бул жылы болсо 16 пайызды түзүп бараткан, эми канчага көтөрүлдү ким билет?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости