www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бет кап тагынуу эрежелери өзгөрөт

Кыргызстанда 12-марттан тарта COVID-19 пандемиясына байланыштуу бет кап тагынуу эрежелерине өзгөрүүлөр кирет.

Жарандардан саламаттыкты сактоо мекемелери менен коомдук транспорттордон башка жерде милдеттүү түрдө бет кап тагынуу талап кылынбайт. Мындай чечим коронавирус боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынган.

Тактап айтканда, жогорку окуу жайларда, колледждерде жана жалпы билим берүү мекемелеринде, соода түйүндөрүндө, кафе жана ресторандарда, коомдук тамактануучу жайларда, базар, музей, спорт клубдарда жана китепканаларда жарандардан бет кап тагынуу талап кылынбайт.

Ошол эле учурда эл көп чогулган жерде вирустук инфекция жуктурууну алдын алуу максатында бет кап тагынуу сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости