www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага ыктыярчыларды тартуу идеясына макул болду. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.

"Ал ошондой эле коргоо министри Сергей Шойгунун колго түшкөн батыштык техникаларды Донбасска өткөрүп берүү сунушун колдоду", - деп айтылат маалыматта. 

"Эгерде акча үчүн эмес, ыктыярдуу түрдө Донбасска жардам берүүнү каалагандар болсо, анда алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, сунушуна макул болуу керек", - деп билдирген Путин.

Орусиянын мамлекет башчысынын айтымында, “батыштык демөөрчүлөр” жаңжалга катышуу үчүн жалданмаларды чогултуп жатканын жашырышпайт жана алар эл аралык укуктук нормаларды сактабай, мындай иштерге барып жатышат.

Эске сала кетсек, Орусия менен Украинанын ортосундагы кагылышуу 24-февралда башталган. Орусиянын президенти Владимир Путин согуш талаасына такшалган аскер адамдары жөнөтүлгөнүн билдирген. Бирок, кийин контракттык негиздеги кызмат өтөп жаткан жоокерлер да Украинадагы күрөшкө тартылганын маалымдашкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости