www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде шаардын тазалыгы үчүн жаңы техникалар алынды

Баткен шаарынын тазалыгы үчүн шаардык мэриянын аракети менен 14 млн сомдон ашуун каражатка атайын техникалар алынды. “Айыл банк” тарабынан лизингге 3 даана таштанды автоунаасы, 1 даана суу чачуучу жана 1 даана көтөрүүчү автоунаа берилди. Жалпысынан 5 атайын техника 6 жылдык мөөнөткө 14 пайыздык насыя менен алынды. Жергиликтүү бийлик мындан ары да шаардын тазалыгы үчүн техникалык базасын чыңдоого аракеттерин көрөөрүн билдирди. Алынган техникалардын жардамы менен көйгөй жаратып келген таштанды маселеси жолго коюлат.

Кытайдын атайын техникалары Баткен шаарынын тазалыгы үчүн насыяга алынды. Жалпы суммасы 14 млн сом турган 5 даана автоунаа Айыл банкы тарабынан 6 жылдык мөөнөткө 14 пайыздык насыяга берилди. Шаар бийлиги мындан ары таштандыларды чыгарууда буга чейинки көйгөйлөр артта калды-дейт.

Баткен шаары облус борбору болгонуна карабай шаардагы тазалык маселеси курч абалга жеткен. Буга жергиликтүү бийлик шаар тургундарынын жоопкерчиликсиз мамилесин айтса, тургундар тиешелүү кызматтардын ар кандай себептер менен иш алып бара албагандыгын жүйөө келтиришет.

Баткен шаарынын тазалык ишканасы 6 миңден ашуун кожолукту тейлесе, бүгүнкү күндө таштанды төлөмү 600гө жетпеген гана кожолуктан өндүрүлөт. Бул болсо ишкананын өз ишин толук кандуу аткаралбай калышына да себеп болууда. Ошол эле учурда келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмени ишкана да өз мөөнөтүндө аткарбай келген. Мындан ары бул көйгөйлөр оң тарапка чечилээринен шаар тургундары үмүт артып турушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости