www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер Конституциялык реформа кийинки жылдын июнь айына чейин бүтпөсө, Жогорку Кеңештин депутаттары мөөнөтүн дагы алты айга узарта алат. Бул туурасында Конституциялык палатанын отурумунда ЖКнын өкүлү Камила Бейшенбек кызы билдирди.

Учурда Жогорку соттун Конституциялык палатасы парламенттин мөөнөтүнүн узартылышынын мыйзамдуулугу боюнча кайрылууну карап жатат.

ЖКнын өкүлү парламенттик шайлоонун мөөнөтү өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, эпидемиологиялык абалды эске алуу жана бюджеттин дефицитинен улам жылдырылганын билдирди. Ошондой эле ал Конституциялык реформа жүргүзүп анан парламенттик шайлоо өткөрүүнүн талап кылынышы себеп болгонун айтты.

Анда даттануучулардын бири Нурбек Касымбеков: "Эгер Конституциялык реформа 2021-жылдын июнь айына чейин бүтпөсө, ЖК мөөнөтүн дагы алты айга узартып алышы мүмкүнбү?" - деп сурады. Ага Бейшенбек кызы "ооба, мөөнөтүн дагы узартып алса болот" деп жооп берди.

Эске салсак, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы парламенттик шайлоо мөөнөтүн 20-декабрга дайындаган. Бирок эртеси эле Жогорку Кеңеш өзүнчө мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес мөөнөткө белгиленген. Ал мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып, утулуп калган болчу. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости