www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров экс-президенттин статусу жөнүндөгү норманы Баш мыйзамдан алып салууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-декабрда “Мамлекеттик бийлик органдары” секциясынын отурумунда билдирди.

Анын айтымында, экс-президенттерге берилген жеңилдиктерден улам мамлекеттик бюджетке ири материалдык чыгым келтирилип жатат.

Ал белгилегендей, улуттун лидери деп эсептелген мамлекет башчысы экс-президенттин статусу үчүн, мамлекет тарабынан берилген жеңилдиктер үчүн гана элди орто жолдо таштай ала турганын тажрыйба көрсөттү.

“Аларга өлкө канчалык жаман абалда экени маанилүү эмес. Алар өздөрүн гана ойлошот. Эгерде Негизги мыйзамда көрсөтпөсө деле баары анын экс экендигин билишет. Анын үстүнө, кээ бир экс-президенттер өзүлөрүнүн статусунан пайдаланып жатышканын көрүп жатам. Алар мамлекеттин атынан чет өлкөлөрдө иш алып барышат, бирок мындай кылбаш керек ”, – деди Азимбек Бекназаров.

Буга байланыштуу ал экс-президенттин статусу боюнча норма жок 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны кайтарууну сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости