www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө”, “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун үчүнчү окуудан карашты.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын  Бузуулар жөнүндөгү кодексинин айрым беренелерин Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына шайкеш келтирүүгө байланыштуу жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында коомдук мамилелерди ишке ашырууга багытталган.

Мамлекеттик чек ара кызматы Кодекстин нормаларын шайкеш келтирүү максатында Кодекстин 291-беренесин төмөндөгүдөй редакцияда сунуштоодо: "1. Мамлекеттик чек арада Мамлекеттик чек аранын режимин бузганы үчүн 2-категориядагы айып салынат. 2. Чек арага жакын аймакта чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүү режимин бузганы үчүн 3 –категориядагы айып салынат".

Кодекстин 295- беренесин төмөндөгү редакцияда берүү сунушталууда: "Текшерүү, анын ичинде карап текшерүүнү жүргүзүү учурунда, мындай текшерүү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарынын чегинде жүргүзүлүп жаткан болсо, ага тоскоолдук көрсөткөнү үчүн 2- категориядагы айып салынат".

КР Мамлекеттик чек ара кызматы Мамлекеттик чек араны кайтаруу учурунда мамлекеттик чек ардан өткөн транспорттук каражаттарды жана кишилерди текшерүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдей милдетти чогуу  аткарат.

Мыйзам долбоору 3-окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости