www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде чек арадагы каргашада жараат алган 198 адамдын 61и азыркы тапта үйдөн дарыланууда, 126сы Бишкектин жана Оштун, калгандары Баткендин ооруканаларында жатышат. Бул тууралуу 23-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинин Жарандык коргонуу секторунун башчысы Кубаныч Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, жараат алгандардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Баткенде үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгондор үчүн төрт мобилдик клиника иштеп жатканын айткан Калмаматов Бишкектен барган 16 медициналык бригада да жардам берип жатканын кошумчалады. Аталган бригадалардын курамында 100дөн ашык хирург, травматолог, психиатр, педиатр, акушер-гинеколог адис бар.

Кант диабетине чалдыккандар инсулин менен толук камсыз болгону да маалымдалды.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арасындагы кол салуудан 59 кыргыз жараны курман болду. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" рдиосу өз булактарына таянып чек арада каза болгон 70 адамдын тизмесин чыгарды. 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости