www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузиянын тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары пикир алмашып, саясий, дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу мамилелерди активдештирүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти. Жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу пландары талкууланды.

Тараптар кыргыз-грузин мамилелерин кеңейтүү жана ар тараптуу тереңдетүү үчүн биргелешип иштөөгө бекем ниеттерин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Ж.Кулубаев ошондой эле маектешине кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялар тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын деэскалацияга умтулуусун жана талаш маселелерди саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.

Булак:  NazarNews.kg

Последние новости