www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде жетекчиликчилер аттестациядан өтпөй калды

Баткен облусунда жетекчилик кызматтагы 5 адам аттестациядан өтүп, үчөө өтпөй калды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-мартта Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады.

Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн бир талапкер баш тарткандыгына байланыштуу Республикалык аттестациялык комиссиясы аны кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баасын берди. Дагы бир талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу аңгемелешүү этабына киргизилген жок. Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

  1. 5 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет;
  2. 3 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.

Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча КР өкмөтүнө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет.

Кийинки аттестациялоо бекитилген графикке ылайык башка облустарда өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости