www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна берген маегинде кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев тууралуу да комментарий берди.
Буга чейин АКШнын элчилиги Камчы Көлбаев эл аралык масштабда баңгизат сатуу менен алектенгени боюнча фактылар бар экенин айтып, анын бул кылмыштуу издерин ача турган маалыматтар үчүн 5 млн доллар убада кылган.
Жапаровдун пикиринде АКШ тарап Кыргызстандын аймагындагы айрым кылмышка шектүү адамдарга карата кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат.
«ТИМ аркылуу мен АКШ элчилигинен Камчы Көлбаев тууралуу кылмыш ишин далилдөөчү фактыларды сураттым. Эгер алар ошол маалыматтарды берсе, биз ачык сот өткөрмөкпүз. Ага элчиликтен деле келип катышса болот эле. Биз эч кандай чара көрбөй турсак анда ошондой билдирүү менен чыкса болмок. Көлбаев башынан эле «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча камакка алынган. Ал мамлекетке келтирген зыянынын бир канча бөлүгүн ордуна койду. Калганын абактан чыккандан кийин төктү. Ал адам өлтүргөн жок. АКШ айтып жатат, «ал баңгизат сатуу менен алектенген, факты бар»- деп. Биз алардан ошол фактыларды сурасак, алар бизге бербей жатат»,- деп кошумчалаган Жапаров.
Булак: NazarNews.kg