www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик тараптын кол салуусунан Баткенде жабыр тарткан ишкерлерге зыяндын ордун толтуруу максатында быйыл республикалык бюджеттен 90,3 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ведомство Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда 75 ишкер менен кредиттик келишим түзгөнгө жетишкен. Азыркы учурда калган ишкерлер менен кредиттик каражат берүү максатында белгиленген иштер жүргүзүлүп жатат.

Финансы министрлиги жалпысынан 212 субъект менен иш алып барууда.

Булак: NazarNews.kg

​​​​​​​

 

Последние новости