www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Тажикстандын аскер кызматкерлерине тиешелүү болгон аскер техникалары айылды аралап жүрөт.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Интернационал айылынын кыргыз жарандарына тиешелүү болгон “Жилой дом” участкасындагы турак үйлөргө Тажикстандын аскер кызматкерлери кирип алган. Ошол участкага жакын аймакта кыргыз жарандарынын экөөсү каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айыл башчысы барган учурда тажик жарандары аны барымтага алып алышкан.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 380-беренеси (“Тынчтыкка каршы кылмыштар”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости