www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чек арадагы ок атышууну токтотпосо үчүнчү күчтөр пайдаланып кетип, эки эл тең азап тартат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты, экс-министр, академик Жамин Акималиев.

--“Баткен облусунда коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан жаракат алган адамдардын саны көп дейт. Тилекке каршы 13 адам каза болуптур. Облустук штаб түзүлүптүр. Кыргыз тажик эли бири-бирине таш ыргытып, ок атышуудан абал курчуптур. Азыр чек арадагы абалды тынчтык жолу менен чечишибиз керек. Сүйлөшүү жолу менен чечпесе болбойт. Ок атып, таш ыргытканда дагы абал курчуса эки мамлекет тең утулат. Мындай учурда сөзсүз үчүнчү күч чыгат. Алар чатакты ырбатып, “бириң өлүп бириң кал” деп өз пайдасына чыгарып кетет.

Андыктан эки элдин жетекчилери бир ымалага келип, азыркы кырдаалды токтотушу керек. Сүйлөштүк дешет, бирок кайра эле кагылышуу болуп атат. Азыр ушул абалды ыкчам басып туруп, андан кийин чоң жолугушуунун негизинде, президенттердин деңгээлинде сүйлөшүү керек. “Мындан кийин ушундай көрүнүштөр болбосун” деген бир пикирге келүү абзел. Болбосо эки эл азап тартып, кыйнала берет”, - дейт Акималиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости