www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркияны алдыга сүрөөсү АКШ администрациясында ыңгайсыздык жараткандыгын айтты.

Түркия-АКШ карым-катнаштарына токтолгон Песков, Түркиянын өзүнө ишенген өлкө экендигине жана президент Эрдоган Түркияны алдыга сүрөп жатканына көңүл бурду.

АКШнын администрациясы бул кырдаалдан тынчсызданып жаткандыгын билдирген Кремлдин өкүлү Орусиядан С-400 абадан коргонуу тутумун сатып алуу менен бул тынчсыздануу кысымга айланганын баса белгилеп, «Вашингтон кыйла ийкемдүү Анкара менен иштөөнү туура көрөт», - деди.

Песков АКШнын президенти Джо Байдендин армян окуяларына байланыштуу «геноцид» терминин колдонуусуна да токтолду.

Песков билдирүү тарыхты терең түшүнүүгө умтулуу менен байланыштуу эмес, бул АКШнын саясатынын бир бөлүмү экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости