www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги Исфайрам дарыясы боюнча бийлик жооп берди

Кечээ, 3-август күнү бир катар маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда Кадамжайдагы Исфайрам дарыясына жакын аймакта Өзбекстан тарап канал куруу иштерин баштагандыгы тууралуу маалыматка Баткен облусунун жетекчилиги жооп берди.

«Видео Кадамжай районунун Майдан айыл аймагына караштуу Исфайрам айылынын этегинде жайгашкан Лаган каналынын жанында тартылган. Ал аймакта мамлекеттик чек ара такталып, делимитация жумуштары аяктаган. Мамлекеттик чек ара сызыгы Лаган каналы аркылуу өтүп, канал андан ары Кыргызстандын аймагы менен 15,6 км жүрүп, кайрадан Көк-Талаа айылынан Өзбекстандын аймагына кирет. Учурда Өзбекстандын аймагында болуп жаткан жумуш алардын суу чарба тармагы тарабынан ал жердеги эски арыктан ошол аймактагы сугат жерлерди толук кандуу суу менен камсыз кылуу, арыкка толуп калган кумдарды тазалоо үчүн жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу өзбек тарап Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына 2020-жылдын 24-июлунда маалымдаган. Ошондой эле 3-августта эки мамлекеттин Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү телефон аркылуу да байланышып, болуп жаткан жумушту такташкан.

Ал эми бул окуяны социалдык тармактарга жарыялаган жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Белгилей кетсек мындай каналды тазалоо жумуштары жыл сайын эки тараптын макулдашуусу менен жасалып турат», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнүн тургундары таза суу жана сугат сууга муктаждык жаралып калышы мүмкүн экенин айтып, кабатыр болуп жатышканы кабарланган. Анткени социалдык тармактарга кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы Исфайрам дарыясынын жанында Өзбекстан тарап жаңы каналдын курулушун баштаганы тууралуу видео тараган. Анда видео Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосундагы бейтараптуу делген жерде тартылгандыгы айтылып, ал жерде коңшу өлкө чоң каналдын курулушун баштап, Исфайрам дарыясынын нугун буруп кетүү аракети көрүлүп жатканы белгиленген.

Марказ айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ислам Исмаилов Исфайрам дарыясы бейтарап жерде агарын кабарлаган.

«Интернеттеги видео боюнча айтсам, Өзбекстан тарап эмне курулуш баштаганы жана анын максаты бизге азырынча белгисиз. Учурда тактоо үчүн тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылганбыз. Жыйынтыгын күтүүдөбүз. Кыргызстандын суусу Өзбекстанга кирип, ошол жерден бизге суу бөлүнүп берилет. Жыл сайын эле май, июнь айларында аталган каналга суу келбейт. Анткени сууну Өзбекстан колдонот. Кечээки видеодон кийин эл дагы дарыянын суусу Өзбекстанга кире элек жерден жаңы канал куруп, суунун нугун Кыргызстан тарапка буруп кетүү үчүн каражат топтоп башташты. Бирок андай иштер үчүн өтө көп каражат кетет. Эгер Өзбекстан каналдагы сууну өздөрүнө буруп кетсе, Кадамжайдын Марказ, Майдан айыл өкмөтүнүн 20 миңден ашуун калкы суусуз калат. Таза суу маселеси чечиле элек. Сугат сууга да, таза сууга да дарыядан келген сууну пайдаланабыз», - деген болчу Исмаилов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости