www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт "Семетей" стационарын ("Ганси") жугуштуу илдеттер ооруканасы кылууну пландап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. 

Кечээ, 2-августта  вице-премьер Аида Исмаилова "Семетей" аскердик-талаа госпиталынын базасында көчмө жыйын өткөрдү.

Кеңешмеге саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, эпидемиолог, инфекционисттер жана Башкыртстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык медиктер катышты.

Алар «Семетей» госпиталын инструменталдык-лабораториялык диагностикалоо жана коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн кайрадан түзүп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Мында жетиштүү өлчөмдөгү койко-фондду түзүү, анын ичинде реанимациялык бөлүмдү жана кабыл алуу блогун заманбап жабдуулар менен кошумча түрдө жабдуу сунушталды.

“Күз-кыш мезгилинде жугуштуу оорулар күчөп кетерин эске алуу менен кыска мөөнөттө госпиталдын базасында толук кандуу медициналык көмөк көрсөтүүнү уюштурууга байланыштуу кадрдык жана материалдык-техникалык көйгөйлөрдү чечүү маселеси кабыл алынды”, — деп айтылат маалыматта.

«Семетей» обсервациясынын негизинде толук кандуу жугуштуу илдеттер ооруканасын түзүү идеясы коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү процессинде пайда болду. Биз анда бейтаптар үчүн 1000ден ашуун орун даярдай алабыз. Ошондой эле ушул оорукананын базасында лаборатория ачууну пландап жатабыз. Эгерде биз «Семетей» обсервациясынын аймагында жугуштуу илдеттер ооруканасын негиздесек, анда бул стационар аймактагы эң ири инфекциялык оорукана болмок», — деди Исмаилова.

Эске сала  кетсек, аталган жай алгач чет элден келген жарандарды обсервациялоо жайы катары ачылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости