www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгы катталып, 2 киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чычкан капчыгайында Жигули жана Фура унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган 1 аял киши жаракат алып, 2 эркек киши каза болгон. Анын бири 1953-жылы туулган айдоочу, ал эми каза болгон экинчи жарандын туулган жылы такталууда.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости