www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча "Кабар" маалымат агенттигине онлайн маалымат берди. Анда Тулаев эки өлкөнүн тийиштүү жетекчилеринин ок атышпоо жөнүндө макулдашуулары жыйынтык бербей жатканын маалымдады. Ал чек арага жакын аймактардагы тургундар коопсуз жайга көчүрүлгөнүн айтты.

“Баткен районун Самаркандек, Ак-Сай айыл өкмөттөрүндө кырдаал дагы эле курч. Макулдашууларга карабай тажик тараптан ок атуулар болууда", - деди ал.

Маруфхан Тулаев Ак-Сай айылы менен байланыш болбой жатканын кошумчалады. Андагы телефон жана электр жабдыктары талкаланган. Орун басардын айтымында, айылдагы мектеп боюнча интернетте тарап жаткан маалыматтарды тактоого мүмкүн болбой жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Тажикстандын аткылоосунан 59 кыргызстандык жарадар болгон. Ошондой эле 15 жаштагы кыз тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип каза болду.

Маалыматка ылайык, тажик тарап ок атышпоо келишимин бузуп, Лейлек жана Баткен районунудагы айылдарды аткылоону улантууда.

Ошондой эле эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости