www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саат 21:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал болгон жерден 136 миңден ашуун адам эвакуацияланганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Булар Баткен районунун, Баткен шаарынын, Лейлек районунун, Раззаков шаарынын тургундары.

Ошондой эле, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан Дароот-Коргон жана Кашка-Сууга 2800дөй жаран эвакуацияланган.

Элди эвакуациялоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан убактылуу жайгаштыруу борборлору ачылып, кооптуу аймактардан эл эвакуацияланууда. Мындан тышкары жергиликтүү тургундар унааларын коопсуз аймактарга айдап барышат.

Эвакуациялангандар тамак-аш, гигиеналык буюмдар жана төшөнчүлөр менен камсыздалат. Учурда Бишкек шаарында, ошондой эле Ош шаарынын мэриясында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу үчүн беш пункт иштеп жатат.

Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Баткен облусуна күйүүчү-майлоочу май, ун, кумшекер, өсүмдүк майы жөнөтүлгөн.

БУУнун ФАОсу 400 тонна азык-түлүк көлөмүндө гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Жер-жерлерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кызыл жарым ай, Чек арасыз дарыгерлер уюмунун кызматкерлери жарандарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости