www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-августта Баткен облустук бириккен ооруканасынын Баткен районунун Бужум айылындагы терапия жана психоневрология бөлүмүндө 5 бейтап зыянсыздандыруучу каражатка (дезинфицирующий раствор) ууланып, бирөөсү каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Баткен облустук бириккен ооруканасынын башчысынын орун басары Икрам Зулпукаров билдирди.
Анын айтымында, аларга 14-августта эртең мененки саат 8:00 чамасында Бужум айылындагы терапия жана психоневрология бөлүмүнөн 5 бейтап (эркек кишилер) ууланып, жардамга муктаж болуп жаткандыгы жөнүндө кабар жеткен. Дарыгерлер тез жардам унаасы менен алып баргыча жабырлануучулардын бирөөсү каза болгон. Ал эми төртөө облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Бул бейтаптар 14-август күнү эртең менен ийне сайылуучу бөлмөдөн зыянсыздандыруучу каражатты бөтөлкөгө куюп уурдап чыгышкан. Аны бөлүп ичишкенден кийин ууланышкан. Учурда каза болгон адамдын денеси жакындарына өткөрүлүп берилди. Ал эми жабырлануучулардын экөө жандандыруу бөлүмүндө, экөө терапия бөлүмүнө бүгүн эртең менен которулду. Эки бейтаптын абалы оор.
Булак: NazarNews.kg