www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын Программалык кеңсесинин башчысынын милдетин аткаруучу Кун Маркверинг менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Гульбара Калиева, аталган уюмдун Борбор Азиядагы кылмыш-жаза сот адилеттиги боюнча программасынын улуттук координатору Мунара Сулайманова-Тен, ошондой эле Жогорку соттун аппаратынын кызматкерлери катышышты.

Тараптар мындан аркы биргелешкен кызматташтыктын келечектерин талкуулашып, БУУнун Баңги заттар  жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын өкүлдөрү учурда сот адилеттигинин Глобалдык түйүнүнүн  чыныгы системасын түзүүнүн  алкагында, сот тутумундагы жаңы дайындалган жана учурда иштеп жаткан кызматкерлер үчүн судьялык жүрүм-турум маселелери боюнча окуу куралдын долбоору түзүлгөндүгүн билдиришти. Кун Маркверинг белгилегендей,  аталган окуу курал электрондук жана өзүн-өзү окута турган компоненттерден турат. Окуулар судьялардын Бангалор принциптеринин жүрүм-туруму, ошондой эле БУУнун коррупцияга каршы 11-Конвенциясынын талаптарын түшүнүүгө жардам берет.

Өз кезегинде  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева  2011-жылы этика  боюнча  модуль  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин   окуу планына киргизилип, Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун колдоосу алдында  6 жылдан бери окуулар жүргүзүлүп,  мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, модулдар жаңыланып жаткандыгын айтты.

Кун Маркверинг  Кыргыз Республикасынын бул багыттагы алдыңкы тажрыйбасы алардын модулун иштеп чыгууга  көмөктөшөрүн  белгиледи.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгы аталган уюмдун Борбор-Азия мамлекеттери үчүн 2015-2019- жылдарга эсептелген программасын жана сот бийлигинин калыстыгын жогорулатуу боюнча БУУнун XIII- Конгерссинде кабыл алынган Доха декларациясынын глобалдык демилгесин ишке ашыруунун алкагында кызматташып келет.

Белгилей кетсек, ушул жылдын апрель айында Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева БУУнун аталган Башкармалыгы уюштурган сот тутумунун сатылбастыгынын Глобалдык түйүнүн ишке киргизүү боюнча иш чарасына катышкан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости