www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзам бузуу менен жеке менчикке чыгарылган завод мамлекеттин карамагына кайтарылды, деп маалымдады УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылынын аймагында иштеп жаткан шарап-арак заводу 1997-жылы аталган айыл аймагынын элдик жыйынынын протоколдук чечими менен «Төрт-Гүл» ЖЧКсын түзүү менен жеке менчикке чыгарылган. 2006-жылы Төрт-Гүл айыл аймагынын №07/30 токтому менен жалпы аянты 2,89 га болгон заводдун аймагы чет элдик компаниянын катышуусундагы башка жеке компанияга төмөн баада сатылган.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө «Шарап-арак заводунун» уюштуруучулары жана директору заводдун мүлкүн жана жер тилкесин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына ыктыярдуу түрдө толугу менен өткөрн беришкен.