www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылы июль айында кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик жана аскердик сырды камтыган маалыматтарды сактоо эрежелери бузулгандыгы аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет. Анын жыйынтыгында, «Кадамжай—унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жетекчиси, майор Р.Д. ээлеген кызматынан бошотулган. Учурда Р.Д.нын үстүнөн бир нече кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

Сентябрь айында Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен Р.Д. Жазык кодексинин 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, максатысыз, мыйзамсыз даярдоо) 2-пункту боюнча эки айга камакка алынган.

«Кадамжай—унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункту Баткен облусунда, кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан. Р.Д. деген инициалдарга майор Руслан Деркембаев туура келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости