www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга президенттин эмес, башкы прокурордун уруксаты талап кылынат. Мындай норма «Министрлер кабинети жөнүндөгү» конституциялык мыйзам долбооруна киргизилип, экинчи окууга чыгарылды. Демилгени бүгүн, 6-октябрда, депутат Аалы Карашев алып чыгып, парламентте баяндама жасады.

Биринчи окууда кабыл алынган текстте жазылган «министрлерге президенттин макулдугу менен гана кылмыш иши козголот» деген норма алып салынды.

«Мамлекеттик сыйлыгы бар министрлер кабинетинин мүчөсү камакка алына албайт» деген ченем да жокко чыгарылды. Бирок аларга башкы прокурордун уруксаты менен гана кылмыш иши козголот. Бул дагы министрлерди жакшы коргоо болуп саналат», — деди Карашев.

Ошондой эле, аткаруу бийлигинин ишин президенттик администрация тескей турганын, министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттик администрацияны да жетектеп калаары белгиленди.

«Ошол эле учурда министрлердин, алардын орун басарларынын жоопкерчилигин күчөттүк. Өкмөт иш алып барганы үчүн эмес, республикалык бюджетти аткарганы үчүн Жогорку Кеңештин алдында отчет берет. Эгер ал канааттандырарлык эмес деп табылса, президент жоопкерчилигин карай алат деген конституциялык ченем киргиздик. Ал эми отчет берүү мөөнүтү 15-марттан 1-майга чейин узарды», — деди Карашев.

Эске салсак, «Министрлер кабинети жөнүндөгү» мыйзам долбоору июль айында биринчи окууга киргизилип, коомчулуктун сынына кабылган. Анын ичинде акимдерди да президенттин макулдугу менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталган. Ал эми Аалы Карашев аталган сын-пикирлерди эске алуу менен документ өзгөртүлүп, экинчи окууга алып келингенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости