www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гилмира Кудайбердиевага!

КАЙРЫЛУУ

Менин кайрылуумдун себеби Баткен облусундагы Баткен мамлекеттик университеттин ректору болуп жасап жаткан иштерин билдирип жана КР кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаровдун калкалоосу менен жүргүзүлүп жаткан коррупциялык былык иштерин мен коркпой ачык тизмектеп кетейин. Анткени ректору Абдывап Зулпуев оптимизациялоо шарттарын туура чечпегендиктен, профессордук –окутуучулук жамаатында моралдык климат бузулуп, БатМУ үчүн оор сапаттык жоготууларга учуроодо.Таза иштебеген жетекчи катары бааланып бир нече илимдин кандидат-докторлору иштен кетүүгө мажбур болгон. БатМУ да окутуунун сапаты төмөндөп кетти кетти, сырткы бөлүмдүн студенттеринин тизмеси гана болбосо, өздөрү такыр сабакка келбей калды. Күндүзгү бөлүмдүн  студенттери болсо сабака эки – үчтөн гана келип жатышат. Сабак өтүлүүчү аудиториялар ремонтсуз, ремонтко деп акчасын жеп жутушкан бардык филиалдарында. Электр жарыгы электрге болгон карыздан улам тез-тез өчүп турат. Интернет да туруктуу иштебейт. Ректордун ишмердүүлгүн четинен иликтеп чубай берсе былыктары эсепсиз көп. Кызмат абалынан пайдаланып бир күн дагы жумушка келбеген кадрларды ишке орноштурган. Окуу жайдагы штаттарды кыскартып, керексиз, түшүнүксүз эле жок жерден штат ачып берүү салтка айланган. Кошуна Тажикстан студенттери жасалма академиялык справкалар менен алып келип буйрук чыгарган иши бүгүнкү күнгө чейин Баткен областтык УКМКда тергөөдө жүрөт. Ошого карабастан текшерүүчүнүн баарын «КЫРГЫЗЧА» деп аталган сүйлөшүүлөр менен жаап келет.

2017-2018-окуу жылы учун тайпалык журналдар декабрь айында гана берилди, бул тууралуу айрым тайпалардын тастыктамасы да бар.А.М.Зулпуев ректор болгонго чейин өз алдынча юридикалык статуска ээ болгон КИТЕП БатМУнун директору катары окуу жайды сызга отургузду. Бул тууралуу социалдык сайттарда бир катар маалыматты жарыялаганмын.Эми БатМУнун педагогикалык окуу жайын да ошол абалга алып баратат.

Абдывап Момунович ректор болуп ишин баштаары менен коррупциялык схемаларды жаратып алды. Мурда кызматтык автоунаа бар экендигине карабастан өзү үчүн кымбат баадагы авто унааны сатып алды. «Оксфорд университетинин Франциядагы «Кана» окуу жайынан коммерциялык мүнөздөгү «Эң мыкты жетекчи» жана «Эн мыкты Университет» деген наамын «статуеткасы» менен университеттин бюджетинен 0,5 миллион сомдон ашык каражат жумшап сатып алып, саякаттап келүү сыяктуу иштери барышы БатМУ үчүн аброй алып келген жок.

Ректор 14 мин АКШ  долларына онлайн байланышын университеттин ичинде ишке ашыра турган аппаратура алынганын бир канча жолу билдирген, ал байланыш 2017-жылы ишке ашат деп элди алдап ишендиргени бүгүнкү күнгө чейин «онлайн  байланышы» иштебей келет.

А.М .Зулпуев 2016-жылы өзүнүн кызы Абдывап кызы Урматайымды жогорку билимдүү диплому менен педагогикалык факультетинде окууга киргизген. Башка жогорку билим алуу үчүн  2,5 жыл убакыт окуу керек экендигине карабастан дипломдуу студенттердин баарын сырткы бөлүмдүн 2-курсуна олтургузуп, өз кызына 4-курска студенттердин катарына буйрук чыгарышы, ЖОЖ дордун жобосуна туура келбейт.

Ал эми 2017-2018- окуу жылынын январь айында университеттин окутуучуларын акысыз эмгек өргүүгө чыгасыңар деп мажбурлап арыз жаздырган. Бул мыйзамга туура келбесе да буйрук чыгарып, жарым айлык акыны кармап калууну көздөйт. Окутуучулардын нараазычылыгынан улам буйругун кайра өзгөртүп, аягында төлөп берүүгөө мажбур болду (Статья 133.Отпуск без сохранение заработной платы). Муну менен университеттин жарым айлык иш процессин үзгүлтүккө  учураткан. Жагдайды жөгө салуучу кесиптик кошун профессордук-окутуучулук курам тарабынан шайланбастан, ректордун буйругу менен бекитилип иш алып барууда. Айтсак, 2017-жылдын сентябрь айында БатМУнун профсоюздук конференциясын чакыртып «профсоюздук кошунга» шайлоо өткөрмок болгон. Ар бир институттан ондон делегат көрсөтүлүп, бирок талапкерлердин арасында ректорго жакпаган окутуучулардын бар экендигинен корккон ректор мыйзамды бузуп, шайлоону токтотуп өткөрбөй койгон.

Абдывап Зулпуев ректор болгондон бери БатМУнун бюджетин көмүскө кармап, университеттин башкы эсепчиси да профессордук-окутуучулар жамаатка финансылык отчет бербей келет.

Окуу жайда студенттер социалдык жактан корголбойт. Мурда мыкты окуган студенттер, жарым жетим, тоголок жетим, шарты оор студенттерге 50%дан 100%га чейин окуу акысынан жеңилдиктер берилип келген болсо, А.Зулпуев ректор болгондон тарта акча жетишсиз деген шылтоо менен маянасы 20%ке кыскартылган. Окуу жайдын бюджети 90 миллионго жетип турганда мындай шылтоо коошпойт. Үнөмдөлгөн сумманы тескерисинче өзүнө караштуу кадрларга табелге кол койдуруу, жасалма мүнөздөгү командировкалар аркылуу максатсыз коротууда.

Сөзүм куру болбосун үчүн далилдерди келтирейин:

2017-жылдын 4-октябрында текшерүү келди деген шылтоо менен университеттин окутуучуларынан 58 адамга он миң сомдон сыйлык жазып, бир сом акча бербестен баарына кол койдуруп алган. (Буйрук 03-20/131). Муну менен БатМУнун мүлкүн өз билемдике салып чачып, университетке 580 000 сом зыян келтирген. Эгерде сыйлык акча болсо, анда эмне үчүн профессордук-окутуучулук курамдын көзүнчө бир да окутуучуга расмий түрдө берилген да берген да эмес. Табелге кол коюулардан бул бир далил.

Ошондой эле ыраматылык КР эл акыны Эгемберди Эрматов, Абдыманап Жалиловтордун өздү  китепканаларынан университетке мурастап калтырган илимий журнал, китептери бүгүнкү күндө  колдонууга берилбей, университеттин складына кор болуп, чаң басып жатат. Бул ректор агайдын маркумдарга да жасаган сыйлабас мамилеси деп билем.

Урматтуу бийлик өкүлдөрү, менин бул кайрылуум менен А.Зулпуевдин БатМУдагы ректордук иштерин жана ректорат аппаратынын ишмердүүлүгүн терең изилдеп, укуктук баа берип, Өлкө башчыбыз белгилегендей «2018-жыл региондорду өнкүтүрүү жылынын» программасынын негизинде БатМУдагы өнүгүүнүн туура жолуна түшүшүн  көзөмөлдөп берүүңүздөрдү суранамын.

МАМАНОВА РОЗА, Баткен облусу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости