www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү үч адамдын бири күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте журналисттердин суроосуна жооп берип жатып ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Бул тууралуу Азаттык маалымат агенттиги жарыялады.

Асановдун айтымында, экинчи шектүү Орусияда кармалган. Учурда аны Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүп жатат.

Үчүнчү шектүү адам Орусиянын жараны экени аныкталды, ал азыр издөөдө.

Асанов белгилегендей, алдын ала иликтөө кол салуу карактоо максатында жасалганын көрсөттү.

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы юстиция министри Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы окуяны Салянованын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, "саясий негизи бар" деп сыпаттаган. ИИМ кылмышта саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун маалымдаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости