www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда өзгөчө кырдаалдар мезгилинде калкты коопсуз аймактарга көчүрүү, атуулдарга эң керектүү алгачкы жардамдарды көрсөтүү багытында жарандык коргонуунун командалык-штабдык машыгуусу өттү. Областтык деңгээлде уюштурулган бул машыгууга облустун борборундагы жарандык коргонуу кызматтары, жалпы 33 мекеме-ишканалар катышышты. Машыгуулар жарандык коргонуу багытында област аймагындагы мекеме-ишнканалардын канчалык даярдыкта экени белгилүү болду. 

Жалал-Аабад областынын борборунда өткөрүлгөн жарандык коргонуу багытындагы бул машыгуулар жаралган өзгөчө кырдаалдардан улам  калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөдү. Эгер коркунуч жаралса, атайын адистер жетип барганга чейин жасала турган аракеттер жана атуулдарга жардам көрсөтүү жолдору үйрөнүлдү. Бул жагынан тийиштүү мекеме-ишканалардын  даярдыгы болушу абзел.

Машыгуу учурунда эгерде Жалал-Абад шаар аймагында өзгөчө кырдаал жаралса, саны 1500гө чейинки атуулдарды коопсуз жайларга ыкчам жайгаштыруу мүмкүн экени белгилүү болду. Окутуу-машыгуулар чараларынын алкагында өзгөчө кырдаалдар убагында жасалуучу аракеттер практика жүзүндө өздөштүрүлдү. 

Машыгуу учурунда калкка медициналык ыкчам жардам көрсөтүү чаралары иштелип чыгылды. Медициналык биринчи жардамды көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдар учурундагы өз ара шайкеш аракеттер каралды. Ошондой эле медициналык дарылоо мекемелеринин кайрылгандарды үзгүлтүксүз кабыл алуусун уюштуруу  жагы көздө тутулду.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 29-апрелинде Сузак районунун Сары-Булак айылынын жанында көчкү жүрүп, Көк-Арт дарыясын бууп натыйжада Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун бир топ айылдарын суу каптоо коркунучу жаралган. Мындан улам атайын машыгууларды өткөрүү, коргонуу тактикаларын иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости