www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенден Ысык-Көлгө кеткен дарыгерлер эс алуу шарттары начар экенин билдирди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова кабарлады.

Маалыматка ылайык, бир күн мурда эс алууга кеткен дарыгерлерден телефон чалуу болгон.

«Медицина кызматкерлери эс алуучу жайдагы шарттар начар экенин, аны атайын уюштурулган маданий эс алуу жайы деп айтуу кыйын, тамак-ашы начар, азык-түлүк сатып ала турган дүкөндөгү баалар кымбат экенин айтышты. Дарыгерлер эс алуучу жайдын шарттарын видеого тартып жөнөтүүнү убада кылышкан, бирок, менин оюмча, алар батына алышпады окшойт. Баатыр дарыгерлерибизге татыктуу эс алууну адамгерчилик жана урмат менен уюштуруу мүмкүн эмеспи?» — деп жазат Елена Баялинова.

Эске салсак, 10-сентябрда Баткенден 51 медицина кызматкери Ысык-Көлдөгү «Рахат» пансионатына эс алууга жөнөп кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости