www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор Азия мамлекеттеринде журналистика багытындагы иштеген адистердин «Media CAMP-2020» фестивалы башталды. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары ммалымдады.
Маалыматка ылайык, иш-чара Алматыда онлайн өтөт. 14-19-сентябрь аралыгында тренинг, лекция, талкуулар уюштурулат. Тажрыйбалуу адистер менен журналисттер пикир алмашат. Фестивалга Казакстандан, Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Түркмөнстандан 500дөн ашуу киши катышат.
Ал эми иш-чаранын соңунда журналисттер арасында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталат. Уюштуруулар кабарлагандай, сынакка 314 эмгек сунушталып, 59у финалга чыккан. Алардын арасынан «Бийлик жана коом», «Чексиз муун - мүмкүнчүлүктөрдүн мезгили», «Жардам берүү мезгили» жана «Баатырлар арабызда» номинациясында жеңүүчүлөр аныкталды. Алар 19-сентябрда сыйланат. Жеңүүчүлөрдү курамына беш мамлекеттен бирден адис кирген калыстар тобу тандады.
Баса белгилечүү нерсе, «MediaCAMP Award» сынагынын бешинчи - «Объектив» атайын номинациясынын жеңүүчүлөрү онлайн-добуш берүү жолу менен тандалат.
Эске салсак, «Internews» уюму АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен өткөрүп жаткан иш-чара экинчи ирет уюштурулууда.
Булак: NazarNews.kg