www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына факты, генерал-наркоброн Абдулло Навджувонов тууралуу КР вице-премери Акрам Мадумаровго жана КР ИИМине.

2018-жылы анонимдүү маалымат булагы Памир ТВ-24 үн алгысына коңгуроо кылып, офицерге бир качкын тууралуу баяндаган. Анда (1 мин 10 секундада) 70 кг кармалган жүк тууралуу сураган.

Баяндамачынын айтымында, Фируздун мурунку милиция кызматкери Ниве милициясынына 70 кг героинди Хоргадан Душанбеге ташып, жолдон ал кылтакка түшүп кармалган. Бул тууралуу маалымат төмөнкү видеотасмада айтылып турат.

Эң кызыгы бул 70 кгдын (1 мин 23 секунда) 40 киллограмы генерал-наркобизнесмен Навдужувоновго таандык болуп чыккан. Бүгүн, так ошол наркоброн баткендиктерге кол салып отурат.

Эске сала кетсек, Тажикстандын Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, Абдулло Навжувонов 12-февралда өткөн пресс-конференцияда “Баткен облусу кыргыздын жери эмес”, деп айтып чыккан.

“Бул көйгөйдү биздин бабаларыбыз мурас катары калтырды. Эгер тарыхты карап чыкса, мурун Баткен эч качан кыргыздардын жери болгон эмес. Менин бабаларым кыргыздарды алып келип, аларга жер берген. Ал эми, бүгүнкү күндө бул, биз үчүн көйгөй жаратууда”, - деп тажик генералы расмий айтып, коомдун талкуусунда калган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости