www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Ош шаарынын тургуну, спортчу Рахманберди уулу Төлөгөндүн видеокайрылуусу жарыяланган. Ал өзүнүн видеокайрылуусунда Президентке кайрылып, тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Жаран Рахманберди уулу Төлөгөндүн айтуусунда аны коркутуп, уруп-сабап, андан кийин тапанчадан жаракат алгандан кийин ооруканада жатканын дагы билдирген. 

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, кайрылуу боюнча текшерүү иши жүрүп, кайрылуудагы ар бир окуя териштирилген. Рахманберди уулу Төлөгөн денесинен жаракат алгандыгы боюнча дагы бир нече жолу суралган жана мындай факты болгондугун айтып, түшүнүксүз жоопторду алган. Рахманберди уулу Төлөгөн кылмыш жоопкерчилигинен бошонуу үчүн жана коомчулукту адаштыруу менен укук коргоо органдарын каралоо максатында видеокайрылуу жасаган. Ал, 2018-жылдын 28-декабрь күнү Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Бишкек шаарынын жашоочусу К.А. аттуунун денесине жаракат келтиришкен. Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы укукка жат иш-аракетке Рахманберди уулу Төлөгөндүн тиешеси бардыгы аныкталган. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө”,  деп билдирди ИИМ.

Эске сала кетсек, кечээ 15-февралда социалдык тармактарда Райымбек Матраимовдү күнөөлөп, “буюртма” чындык издеген жасалма баатыр Рахманберди уулу Төлөгөн тууралуу бир нече маалыматтар чыкты.  Балдак таянып “байкуш” болгон Төлөгөнгө айрымдардын боору ачып, аяса, түш оогондон кийин эле башка өңүттө тасма тарап, элди эки анжы ойго салып коомчулукта ар кандай сын-пикирди жаратты.

“Төмөнкү видеодогу бою кичине бала Эмилбек Кимсанов, машина жууп жүргөн “помойкада” жүргөн жетим бала болгон. Раимбек Матраимовго жардам сурап келгенде ага жардам берип, ишке алып, ал тургай өзү тарбиялап өстүргөн бала болчу. Анын колунда иштеп жүрүп, спортсмен сөрөй бала, тойгонун көтөрө албай өзгөрүп, байып, кутуруп, наша чегип, мушташып, жөн жүрбөй, кылмыш иштерине аралашып, үстүнөн бир канча жолу иши козголуп жабылган.

Кийин Бишкекке которулуп келгенде, Молдомуса Конгантиевдин баласын сабап, видеодо жүргөндөй, үстүнөн иш козголгондо Раим Матраимов ортого түшүп, жараштырып, жардам берип коёт. Ошондо дагы жыйынтык чыгарбай, кутурганын токтотпой, ар түрдүү туура эмес иштерди жасаганын уланта берген. Кийин Бишкекке кызматка которулуп келгенде, ИИМдин борбордук маалымат борборунан соттолгондугу, кылмыш иш козголгондугу боюнча маалымат чыгып калганда гана, өз арызы менен  2018-жылы кызматтан кетет. Тапкан байлыгына чиренип, Ошто жүрүп, спортсмендерди экиге бөлүп, бузукулугун токтотпойт. ИИМ ага издөө жарыялаганда, жоопкерчиликтен качып Москвага чыгып кетет. Москвада, Екатеринбургдан үйлөрдү алып, орус аялга үйлөнүп алып, ошол жакта жашап жүрөт. Кайра эле "ит болдум кечиргиле"-деп алып, туура эмес жоруктарын уюштуруп жатканы таң калычтуу. Раим Матраимов Бажы кызматынан кеткенине үч жыл болуп жатат. Матраимовдун анын Кайрылуусуна кандай тиешеси бар?

Себеби төмөндөгүчө:

Раим Матраимовдун колдоосун, жардамын ар дайым көрүп жүрүп, ИИМдин козгогон кылмыш ишине, издөө жарыялаганына суранганда жардам бербей койгондо жалаа жаап, ар кимди сүйлөтүп, видеого таратып, шантаж кылып жатканы эркекчиликке жатпайт. Кечээ, спортсменди сүйлөттү, бүгүн эч жерде иштебеген бир тууган иниси Кимсанов Эмирди сүйлөтүп, жалган-жалааларды жазып берип, анысы араңдан араң маңдайына коюп берип кагаздан окуп жатат. Келесоодой болгон Эмилбек Кимсанов байлыгына кутуруп, эси жоктук кылганы, "ичкен казанына түкүрүп, устазга кол көтөргөндүк”, бул пендечиликке, адамдык сапатка туура келбейт.

Матраимов 99 жолу жардам берип, бир жолу "өзүңдөн көр, мен өзүм эч жерде иштебесем, мен кеткенден кийин жашырып жүргөн кылмыш ишиң, ИИМдин ИЦнен чыгып калып кызматтан арыз жазып кетсең, жөн жүрбөй атышып, курал көтөрүп жүрсөң"-деп, жардам бербей койгону үчүн тиешеси жок балдарды Матраимовго жармаштырып, көңүл бурдуруу үчүн жалган жалаа жаап, ар кимди сүйлөтүп жатканы акмакчылык.

Коррупция боюнча кандайча кантип каршы чыгат? Раим Матраимовдун кызматтан кеткенине 3 жыл болду, 2017-жылы кеткен. Кимсанов Эмилбек, 2018-жылдын акырында 2019-жылдын башында артын жабыш үчүн изин жашырып, өз арызы менен кызматтан кетсе, коррупционер менен кылмышкер ким экендиги жөнүндө өзү жооп бериш керек.  

Эмилбек Кимсановго кайрылат элем, “Сен өзүң таза болсоң баарын мыйзам алдында жооп бер, Екатеринбургдан алган үйлөрүңдү, орус аялыңды, Оштогу сан жеткис байлыктарыңды, кайдан алдың”? Ушунча байлыкты өзүң кайдан таптың?! Норкаман экениң далилденип калганда өз арызың менен изиңди жашырып, ИИМ тарабынан иш козголуп, издөө жарыялаганда качып кеткендиниң жөнүндө мыйзам алдында жооп бер! Коррупция менен күрөшүүнүн балакетин аласыңбы!  Ал эми Кылычбек Саркарбаевдердин сенин кылмыштарыңа эмне тиешеси бар? Матраимовду жөн эле жаманатты кылып жатасың. Убагы келет, элдин алдында сенин толук жүзүң ачылат”, - деп билдирди NazarNews.kg маалымат агенттигине Эмилбек Акимов. (Аты жөнү өзгөртүлдү)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости