www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын-ала билген Света Тойгонбаева "КабарИнфо" гезитине берген маегинде "Ата-Журт", "Биримдик", "КЛДП" партиясы тууралуу айтып берген.

--Эми шайлоого кайра кайрылсак. 12-апрелде Ош, Майлуу-Суу, Балыкчы, Кара-Кол шаарларында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болуп өтөт. Ушуга карата кандай пикирди айта алат элеңиз?

--Бүгүн окемдер айтмакчы, баары "темный лес". Анткени, жаандан кийинки козу карындардай жайнаган партиялар ылгоону таптакыр унутуп, агын-карасын ылгабай катарына кабыл алып, шайлоонун пайдубалдык эрежелерин " бузуп жатышат. "Илибой" жол менен шаардык кеңештерге шайлоодо утуп, "чоң салгылашуунун алдындагы чалгында" электораттын көзүнө илинели, элдик партия бизбиз дегендей далбас уруп жатышат. Кайсыл партияны айттыңыз? 

--Ата-журт, Улуужурт, Биримдик, КЛДП... 

--Ата-журттун чар тарабы кыбыла, тоскоолдук жоктой. Бирок анын курамына баягы эле эски жүздөр. 

Улуу-журтта өңчөй жаштар, жаңы жүздөр окшойт. Мына ушундай аян түштү.
"Биримдикке" келсек, бул партиянын душмандары өтө көп болот. Ошон үчүн алар сабырдуулукка ыкташып, ызы-чуусуз, так иштесе, майнап чыгышы мүмкүн.

Ал эми жаңыдан түзүлгөн КЛДПнын деле жолу ачык эгерде алардын ниети түз болсо, шайлоочу кантип колдобой койсун. Маселенин баары алардын ачыктыгында, артында байланган калбырынын жоктугунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости