www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө Матраимовдун атын аралаштырып, кандай окуя болбосун коомго алып чыкса, ал бат эле популярдуу болуп кетери белгилүү. Бир нече саясий топтор Матраимовдун атын аралаштырып ири саясий оюндарды кылып жатышат. Кечээтен бери социалдык тармактарда балдакка таянып “байкуш” болгондор кимдер? 

Эмил Кимсанов деген ким?

На изображении может находиться: 1 человек, улыбается

Убагында, Молдомуса Конгантиевдин уулун жана Ош шаардык кеӊешинин депутатын Эмил Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу уруп, арматура менен башын жарып салышкан. Бул окуядан кийин Матраимов Эмил Кимсановду Бажыдан кетирген. Ошондон кийин Эмил Кимсанов ыӊгайлуу жерден Матраимовго карата каралоо уюштура калып жүрөт. Эми, Төлөгөндү сүйлөтүп жаткан дагы ошол. Муну коомчулук билбегени менен, окуянын акыйкаты ушундай.

На изображении может находиться: 1 человек, на улице

Төлөгөн Рахманберди уулу – уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, “Казак” аттуу кримавторитеттин жакын адамы. Каралардын дүйнөсүндө тирешүүлөр, жаӊжалдар жана мушташа кетүүлөр көп болот. Төлөгөн кылмыш дүйнөсүндөгү сабалган окуясын, саясатка айлантып, президентке кайрылуу кылып жатканы жөн жерден эмес.  

13-январда “Үмүт” кыймылынын активдүү мүчөлөрү Улан Үсөйүн баштаган топ Ош шаарына барып тарапташтары менен жолугушту. Алар, расмий жолугушуудан кийин Төлөгөн Рахманберди уулунун кишилери менен дагы жолугушкан.

Анын эртеси, 14-февралда эле Төлөгөн президентке “Матраимов бизге тынтчык бербей жатат”деп кайрылуу кылып чыкты. Анын артынан эле Ширин Айтматова жергиликтүү сайт аркылуу Төлөгөндү коргоп чыгып,  батышчылардын кара багы ачылып, ниети бузук ишетрин ашырууда. “Душманымдын – душманы менин досум” дегендей, бүгүнкү күндө Райымбек Матраимовго таарынып же тиш кайрап жүргөндүн бары биригип алышты. Алар адаттагыдай эле жалаа, дооматтар менен каралоону улантып келе жатышат. Принциптерине карабай демокарттар менен каралардын өкүлү биригип алышты. Буларда аруу максаттар жок, каралоонун арты менен жеке кызыкчылыктарына жетүүнү каалаган, демократ маскасын кийип алган алдамчылар.

Президентке кайрылуу жасаган Төлөгөн Рахманберди уулу өзү ОПГ Эрнис Казактын тобунда жүрөт! Шайлоодо Матраимовко каршы ОПГны иштете башташты. Төлөгөн өзү Ошто белгилүү баланы пистолет менен бутуна аткан. Конгантиевдин баласын башын темир менен чаап сындырган жана көптөгөн балдардын убалына калган. Анын жанындагы Эмилбек Кимсанов өмүр бою Матраимовдун атын жамынып бажыда иштеп жүргөн жана контрабанда менен алек болуп анын үстүнөн иш козгогондо мыйзамдан качып кутулуу үчүн эл катары Матраимовду күнөөлөп качып кетем деп жүрөт. Учурда Эмиль Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу Россияда ИИМдин чакыртылган сурагына  келбей, качып жүрүшөт.     

Последние новости