www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батукаевдин эркиндиги канчага сатылган?

Чеченстандын кримавторитеттери “Азиз Батукаев айыккыс кан ооруусуна чалдыккан” деген кагаз үчүн алдын ала 150 миң доллар беришиптир. Бир онколог-гематологдун бир баракты толтурган эмгеги ушунчага бааланса, АШАнын, Шамиль Атахановдун, судьяга көрсөтмө берген Индира Жолдубаеванын, аны аткарган судьянын, процедурада каралган кошумча текшерүүнү талап кылбастан Батукаевди дароо бошотуп берген жазаларды аткаруу кызматынын, ИИМден коштоочу болуп жүргөндөрдүн, аларды көзөмөлдөгөн прокуратуранын жетекчилеринин кызматтары канчадан бааланды болду экен? Соттук кароолор тергеп-тескөөчүлөрдүн документтеринин негизинде улантылууда, дагы кандай жагдайлар ачыларын билбейбиз, бирок биздин ишенимибизде, бул эч кандай атайын операция эмей эле, Шамиль Атаханов менен Алмазбек Атамбаев биргелешип пландаштырып, Бакиевдердин шылтоосу менен ишке ашырган эч кандай моралдык, адепахлактык нормаларга сыйышкыс ири коррупциялык долбоор болуп саналат. Нормалдуу мамлекеттин жетекчилери да өз жарандарын топ-тобу менен өлтүрүп, айрымдарынын өлүктөрүн да кордогон кылмышкерди түрмөсүнөн чыгарып, укук коргоо кызматкерлеринин коштоосунда салтанаттуу түрдө менчик учакка салып чет өлкөгө учуруп жиберчү беле?! Ал погончондордун бардыгынын бетине түкүргөнгө барабар шермендечилик. Аны уюштургандардын өздөрү чимкирик. Кредиттерге, гранттарга, “капчыктардан” бөлүштүрүлгөндөргө да тойбогон Атамбаев киши өлтүргүчтүн эркиндигин сатуунун эсебинен да пайда көрүп калгысы келгенден улам гана Батукаевге байланышкан криминалдык долбоор ишке ашырылган. Анын андай экендигин Адам Делимханов “Манас” аэропортуна менчик самолет менен учуп келгенде ал учактан түшпөй бортко Кыргызстандын УКМКсынын жетекчиси Ш.Атахановду чакыргандыгы да кыйыр ырастап турат. Ал анысы менен “акчаны алгандан кийин кыйшалаңдабай убадаңарды аткарбайсыңарбы, мен төлөөрүн төлөдүм, эмнеге силер кечиктирип жатасыңар” дегендей сес көрсөткөнү байкалып турбайбы. Чын эле акысы төлөнгөндөн кийин ОПГнын мыйзамы боюнча убада кылынган аткарылышы керек. Ал криминалдык долбоордон кимдин канча пайда көргөндүгү деле убагында айтылган, жазылган, ага аралашкандардын арасында Ш.Атахановдун баласы да болгон. А.Батукаевди учак менен ошол камсыз кылган. Эгерде жекече чоң кызыкчылыгы болбосо, Ш.Атаханов кылмыштуу ишке баласын неге аралаштырат? Аябагандай чоң “колуштук” болмоюнча акыл-эстүү адам баласынын тагдырын тобокелдикке салбайт. Эгерде аларды биздин укук коргоо органдарыбыз тактап, тастыктап, аталган жана сурак бере элек фигуранттардын ар кимисинин күнөөлөрүнө жараша жаза беришпесе, эртедир-кечтир чечендер өздөрү ачыкка чыгарышып, Кыргызстанды дагы бир жолу шерменде кылышат. Мүмкүн, алар ошол максатта ушул убакка чейин унчукпай жатышкандыр...

Булак: “Майдан.kg” 

Последние новости