www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БИЛИП АЛ! Кайсы күнү жарыкка келгенсиз?

Астрологдордун пикирине караганда, адамдын жарыкка келген күнү да мүнөзүнө зор таасир этет.

Жекшемби күнү чак түшкө чейин төрөлгөн наристенин өмүр жолунда бактылуу мүнөттөр көп катталат. Анткен менен алардын бир кемчилиги - чыдамсыздыгы, баарына бир учурда жеткиси келет. Ушул күнү төрөлгөн мырзаларга караганда ийгиликти багындырууда айымдардын мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.

Дүйшөмбүдө элинин намысына жаралган эр жүрөк мырзалар, боорукер кыздар жарык дүйнөгө келет. Алар ойноок бала чагында эле алдына максат коюп, көздөгөнүнө жетүүнүн натыйжалуу ыкмаларын издештиргенди үйрөнө баштайт. Эгер статистикалык маалыматтарга таянсак, ар бир кирешелүү фирмада экиден кем эмес дүйшөмбүнүн балдары иштейт экен, себеби, алар - объективдүү ой жүгүрткөндү билет, айткан сөзүн так аткарат жана чыгармачыл.

Күн тизмегинде шейшемби. Дал ушул күнү жашоонун көркүн ачкан уул-кыздар төрөлөт. Шейшембинин балдары табиятынан шайыр, ачык-айрым келишет. Алар жүргөн жерде дайыма күлкү, бейкуттук өкүм сүрүп турат. Мамиле күтүүдө сырга бекем жана ишенимдүү өнөктөш боло алат.

Шаршемби. Элдик ишенимдерге ылайык, Жараткан дал ушул күнү Күн менен Айга адамдар кыйынчылыксыз иштөөсү үчүн Жерди жарык кылууга буйруган дешет. Ошол себептүү шаршембиде жарык дүйнөнүн эшигин черткендер кумурскадай эмгекчил, ары түйшүкчүл болушат. Мындан сырткары бул күнү бизнесмендер, башкаруучулар көп төрөлөт. А кыздар уюштургуч жөндөмү менен мырзалардан айырмаланышат.

Байыркы уламада айтылгандай Жараткан бейшемби күнгө көп буюртма тапшырат: көл балыкка, асман кушка толуп, ал эми адам көбөйсүн деген. Чынында бул күнгө тапшырма көп берилет, бирок, эгер аны аткарса ырыскысы бөксөрбөйт. Ошондуктан болсо керек, бейшембинин балдары абдан аракетчил, ийгиликтин марасына жетсе да тынчтана албайт. Интуициясы абдан күчтүү өнүккөн, бардык жерде: кызматта, сүйүүдө же үйдө болобу ээсин ыңгайсыздыктан коргойт. Анткен менен бейшембинин кыздары үй-бүлөлүк көйгөйдөн кутула алышпайт. Куру намыстанып баарын эле өз мойнуна ала бербей түйшүктү да бөлүштүрө билгенди үйрөнүү керектиган кеңеш беришет жылдыздар.

Жума бейшембидеги түйшүктүн жыйынтыгын көрсөтөт. Ошондуктан бул күнү ата-эненин мээримине бөлөнгөн бактылуу балдар көп төрөлөт. Статистика боюнча да жуманын балдары бай жана тагдырдын белегине арзыган таланттуу болору тастыкталган.

Ишемби - ыйык күн. Бул күнү Жараткан эс алып, адамдарга да дем алууга мүмкүндүк берген тура. Демек ыйык күнү жаратман, акылкөй, касиеттүү балдар жарык дүйнөгө келген. Өмүрүнүн алгачкы жылдарында кыйынчылыктар кездешпей койбойт, кандай иш баштабасын жолу да болбойт, бирок кырдаалды эрктүүлүк менен жеңе билсе ишембинин балдары жашаган көчөдө да майрам болот. Эрежеге ылайык, бул балдар чанда бирөө тандаган кесипке ээ болушат.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

Последние новости