www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен шаарында 10-июнь күнү 02:38де Нургазыев жана Садыков көчөлөрүнүн кесилишинде “ВАЗ-2107” Жигули үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1982-жылы туулган айдоочу каза болуп, 1983-жылы туулган аял жабыркаган.

Жерине №3 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, маркумдун кыпчылып калган денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган аялды Тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости