www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бала бакчадагы коронавирус жуктурган 3 кызматкер №111, №35 жана №37 муниципалдык бала бакчаларда иштейт. Ал эми дагы үчөө "Ак Шоола", "Ак Жол", "Асылай" менчик бала бакчаларынын кызматкерлери. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, оорулуулар бейтапканага жаткырылды. Алар менен байланышта болду делинген жарандар аныкталып, үй карантинине жөнөтүлдү, бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө.

“Борбор калаадагы абалды шаардык штаб көзөмөлдөп жатат.

Күн сайын коронавирустун очокторун аныктоо боюнча иштер аткарылып, мониторинг жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 9-июнда республикалык штаб борбор калаадагы бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус аныкталганын маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости