www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев эмне үчүн Шамиль Атахановду тандаган?

Жаныш Бакиев Белоруссияда, ал акесине кошулуп алда качан эле ал өлкөнүн жарандыгын алып алган. Биринчиден, Белоруссиянын жаранын тымызын уурдап, экинчи өлкөгө өткөрүп берүү сыяктуу авантюрага Россиянын атайын кызматтары эч качан барбайт. Антсе эки өлкөнүн ортосунда чоң саясый жаңжал чыкмак. Экинчиден, Белоруссиянын атайын кызматтары деле аңкоо эмес, кимдерге дыкат көз салып турууну билишет.

Мына ушуларды билип, көрүп туруп, акыл-эси жайында турган башкы чекист Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге башма-баш алмаштырууну сунуш кылмак эмес. Ш.Атахановдун чечендердин мыйзамсыз криминалдык сунушун АШАга жеткирип, ага Ж.Бакиев тууралуу өз сунушун кошкондугу эле анын моралдык, адеп-ахлактык жактан деградацияга учурай баштаган жетекчи экендигин айгинелеп турат. Эмне үчүн ошондогу кыргыз бийлиги Батукаевди Курманбек Бакиевге эмес, Жаныш Бакиевге алмаштыргысы келген?

Эмне деген менен 2010-жылдын апрелине чейин Курманбек Бакиев президент болуп турбады беле. Анын андай сунушуна АШАнын макул болгондугу анын деградацияга учуроо жагынан Атахановдон да өткөн инсан экендигин гана ырастайт. Өзүн сыйлаган мамлекеттин жетекчилиги эч качан криминалдык топтун жетекчилери менен тымызын сүйлөшүүлөргө барып, ОПГнын деңгээлине түшүп кетпейт. Анда мамлекеттин бедел-аброюнан эмне калат?

Андайларга ага чейин абийир-намысын уятка кошо жалмап, моралдык чектөөлөрдөн биротоло чыгып кеткендер гана барышы мүмкүн. Мында пайда болгон дагы бир суроо: эмне үчүн чечендер өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик башка органдардын мүдүрлөрүн эмес, Шамиль Атахановду тандашкан?

Бул жөн эле “балыкчы-балыкчыны алыстан көрөт” дегенден келип чыкканбы же теги, же жекече кызыкчылыктары боюнча анын мурдатан чечен мафиясы менен байланышы болгонбу? Тийиштүү укук коргоо органдары ушул жагын да иликтеп, тактап, сотко болбосо да коомчулукка жеткирүүлөрү керек болчу. Анткени, бул өңүттө эл арасында ар кандай версиялар айтылып жүрөт. Бирок, тилекке каршы, укук коргоо органдары Ш.Атахановдун версиясын чындык катары кабыл алып, андан чыгышпагандыгы азыр ачыкка чыгууда. Ш.Атаханов атайылап шефи экөөсүнүн күнөөсүн жеңилдетүү үчүн мифологиялык версияны оюнан чыгара койсо, ага укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жетеленип кетишкендери өкүнүчтүү. Чындап эле Кыргызстандын ошол убактагы жетекчилиги Батукаевди коё берүү аркылуу Жаныш Бакиевди алып келүүнү чечишсе, эмне үчүн аны аэропортто же башка жерде, маселен, айрым өлкөлөр кармалган шпиондорун, Украина менен Россия туткундарын чек араларында алмаштырышкандай, бирин экинчисине беттештирип тургузуп алып башма баш алмаштырышпады? Чечендер убадаларын убагында аткара албай калышса, эмне үчүн бардыгы коштоп барып, Азиз Батукаевди менчик самолётко салып жиберишти?

Эгерде Атахановдун версиясы чын болсо, чечендер Жаныш Бакиевди алып келгиче, Азиз Батукаевди чыгарбай коё турганга милдеттүү эле. Бирок антишкен эмес. Кептин баары башынан эле эки криминалдык тарапта андай макулдашуу болбогонунда, Батукаевдин эркиндиги нак акчага сатылганында болуп жатпайбы!

(Уландысы бар)

Булак: Майдан.kg

Последние новости