www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу Өкмөт менен Ош жаңжалы ортосунда кандай байланыш бар? Бул 2010-жылы күзүндө болгон парламенттик шайлоодон соң билинди. Акматбек Келдибеков “Ата-Журт” партиясы менен Атамбаевдин СДПК партиясын нокаутка урган. Жакшы арбитр боло албай Атамбаевге жан тарткан президент Отунбаевага Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн күчү менен президент болгонун унутуп, 2016-жылы 31-августта жининин барын чыгарган.

2010-жылы апрелде Убактылуу Өкмөт бийлик алган соң, митингдер жаздын күнү жамгыр төккөн соң жабыраган козу карындай апогейине жеткен. 7-апрелде ар кайсы жерде корголоп, жашынып, убактылуу камакта жатышкандар капыстан бийликке жетишет. Мындай күтүлбөгөн бийликке таң калышкан алардын бир Туунун, бир адамдын алдында биригүүгө да мүмкүнчүлүгү жок экен. Ошондуктан, боло турган лидерликти бири –биринен кызганышып Убактылуу Өкмөт түзүшөт, убактылуу бийликти Бириккен элдик кыймылдын төрайымы Роза Отунбаевага беришет. Бирок, амбициясы Америкадан ашкан Алмазбек Атамбаев, өзүнүн кадыр-баркы оппозицияда таруудай чачылып турганы аз келгенсип, Отунбаевадан Убактылуу Өкмөттү талашып, Азимбек Бекназаровдун кийлигишүусү менен мөөрөй  Отунбаевага берилет. Эмне үчүн Атамбаевдин кадыр-баркы оппозицияда таруудай чачылып турган? Биринчиден, Атамбаев 2007-жылы апрелде  оппозицияны чанып, өкмөт башчысына келет. Ошол жылы апрелде Феликс Кулов “Бириккен, Фронт” түзүп, оппозиция менен Ак  үйгө аттанат, Атамбаев оппозицияны боткодой эзип, ташын-талкандап, жер- жүзүнөн жексен кылат. Оппозицияга “Текени ээрчип эткомбинатына бараткан койлор”- деген эпитетти тагат. Ал кездеги “Теке” Кулов секирип кетет да, “барандар” ажалга барат деген. Ошондуктан, оппозиция Атамбаевди жек көрүп турганда Аликбек Жекшенкулов Коомдук парламент аркылуу оппозицияга кошкон. Экинчиден, 2009-жылы 23-июлда БЭКтен жалгыз президентке талапкер болуп туруп, республикалык штаб башчысы Бакыт Бешимовдун тили менен шайлоо күнү талапкердиктен баш тартат. Бул үчүн Болот Шерниязов ага жоолук тартуулап, оппозицияда кадыры кетет.

Убактылуу Өкмөт бийликке келер менен эртеңкинин камын ойлоп, болгон кызмат орундарын жанын сабап бөлүштүрө баштады. Оппозицияда кадыры болбогону менен, акчасы түмөн Атамбаев, БЭКке каршы чыгып, бети кызарып турган акчалуу Темир Сариев, тилинен чаңы чыккан менен, капчыгынан акча чыкпаган Азимбек Бекназаров, Акаевдин мураскору болгону менен, кийинки бийликке сөөмөй кезеп, президенттикке мураскорлуктан айрылган Өмүрбек Текебаев жарыша бири-бирин жамандашып митинг уюштуруп, кызматтарды  бөлүшө баштайт. Кызмат алууда кол алдындагы СДПК фракциясын парламентте жетектеп жүргөн Роза Отунбаева Убактылуу Өкмөттү жетектеп, ага биринчи орунбасар болгон мульти-миллионер Атамбаев алдына киши салбайт. Ал эмес башка Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Банк ячейкасындагы миллиондогон долларларды КАМАЗ менен жуктөп келип талап жатканда, Атамбаев Элмира Ибраимова  экөө артында келип, ырымга дешип 100 доллардан алышып, жер жайнаган акчаларга тийген эмес. Телефон аркылуу кагылыш Бажы башчысын дайындоодо Атамбаев, Бекназаров, Сариев ортосунда болуп, булардын эмне максат менен бийликке келгени белгилүу болот. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Текебаевдин “атамекенчилери” мурунку президент Курманбек Бакиевдин туулуп өскөн үйүн талкалоодо өзбек улутундагы мекендештер менен биригип, өтө активдүүлүгүн көрсөтүшкөн. Ушундай Убактылуу Өкмөт дайнын таппай оомалуу-төкмөлүү дүйнө чайпалып турганда, Батыров Кадыржандын кадыры улутташтары арасында дүркүрөп өсүп, Убактылуу Өкмөт тарабынан сунуш кылган мамлекеттик кызматтарга алымсынбай, автономия алыш Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун мыйзамдарын окуп, өзбек тилине Ош, Жалал - Абад облустарында  мамлекеттик тил макамын алуу үчүн күрөшө баштайт. Анын мындай аракети 2010-жылы 10-июнда Ош жаңжалына алып келет.

Ош жаңжалы учурунда Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаевдер убакыт өткөзүп бул жаңжалга барышат. Арийне, элдин түгү жаалданып, ал эмес Алайдан келаткан атчандар кээ бир Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн көк бөрү тартып кеткенге даяр эле. Ушундай оор учурда Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров сыяктуу кыргыз жигиттери элдик дипломатиянын негизинде, өз өмүрлөрүн канжыгага байлап коюшуп, эки элди тынчтандырып жүрүшкөн. Бийлик дегенде ак эткенден,так эткен Атамбаев Ош жаңжаалы убагында кайсы тешикке кирип кеткени белгисиз, эмгиче айтпай жүрөт. Ош жаңжаалында болгон иштин жыйынтыгы 2010-жылы күзүндө парламенттик шайлоо учурунда билинди.

Акыркы мезгилде маалыматта корнавируска карабай  митингдер болот экен деген имиштер тарап баратат. Мунун башталышы кара терилүү адамдын ажалына байланыштуу болуп жаткан митинг болсо керек. Бул митингдин башында Бишкекте, түндүк тарапта дале кожоюн экенин дүйнөгө билдирип койгусу келген Роза Отунбаева турат деген кеп бар. Башкысы митингдер, чаң тополоң башталса, стабилдүүлүктүн кереги жок, кайсы деструктивдүү күчтөргө пайда:

1. Криминалдык күчтөр, ушундай элдин башына күн түшкөн оор кырдаалдан пайдаланып, борборубузда мародерчулук кылып, мамлекеттин май-талкан жана чече турган жерлерине өз кишилерин коюп, бизнести, бажыны контролдукка алганын мурунку бийлик алмашуулар көрсөттү.

2. Мурунку бийликтин жегичтери бийлик алмашып кетсе, өз ордубузга барып, кайра кусуп жаткандарыбызды жейбиз деген таттуу кыялдар менен жүрүшөт.

3. Үчүнчү күчтөргө, дүйнөдө көп полярдуулукту колдоп, жалгыз АКШнын бийлик монополиясына каршы күчтөр түзүлүп жаканда, бир гана АКШ дүйнөлүк лидер болсун деген топ бардык тартипсиздикти колдошу мүмкүн. Алар Кыргызстан Борбордук Азияда бир нече чаң тополоңдорду башынан өткөзгөнүн билет, алар биздин мамлекетти бул аймакта «слабый» звено катары түшүнүп, акча каражаты менен “НПОшниктерди” колдошу мүмкүн.

Убактылуу Өкмөттүн курамы:

1. Роза Отунбаева - Убактылуу Өкмөттүн төрайымы, 2016-жылы 31-августта жөн жерден президент Атамбаевден кагуу жеп, басып кеткен.

2. Алмазбек Атамбаев - Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, 2011-2017-Кыргыз Республикасынын Президенти.

3. Өмүрбек Текебаев -Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары, 2016-жылы «Белиз» деген жалган маалыматтан улам, камалган. Учурда “Жаңы дем” кыймылында.

4. Азимбек Бекназаров - Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары, 2011-жылдан Атамбаевге оппозицияда. Учурда Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси.

5. Темир Сариев - Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары, 2015-2016- премер-министр. Учурда “Жаңы дем” кыймылында.

6. Болот Шерниязов - Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, ИИМ министри. Учурда “Жаңы дем” кыймылында.

7.  Эмилбек Каптагаев -Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, президентик аппарат жетекчиси, 2016-жылы Ысык-Көл губернаторунан кеткен, учурда Улуу стратег.

8. Элмира Ибраимова- Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Эсеп палатасынын төрайыман кеткен.

9. Дүйшөн Чотонов -Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Текебаев менен бирге камалган. Учурда “Жаңы дем” кыймылында.

10. Исмаил Исаков - Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү.

11. Кеңеш Дүйшөбаев - Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү.

12. Топчубек Тургуналиев - Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, түбөлүк оппозицияда.

13. Абдыганы Эркебаев -Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү.

14. Иса Өмүркулов- Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Атамбаевдин убагында Бишкекке мэр болуп туруп камалууга талапкер болгон. 2016-жылдан парламенттеги СДПК фракциясынын жетекчиси.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости