www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батукаевдин иши боюнча Аида Салянова көрсөтмө берди

Өткөн аптада Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук иште экс-башкы прокурор Аида Салянова көрсөтмө берди. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин айтканына таянып, «Азаттык» жазып чыкты.

«Аида Салянова Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Алмазбек Шаршенович менен жолукканын билдирди. Ал «ошол кездеги президентке «бул боюнча иш козгойм» десем «иш козгойсуңбу ал сенин ишиң» деп айткан» деди. Жыйынтыгында өзү эмес УКМКнын тергөөчүсү иш козгоптур».

Жоошев андан тышкары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев да көрсөтмө бере баштаганын билдирген.

Эске сала кетсек, криминалдык төбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Батукаевдин мыйзамсыз, мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча кылмыш ишин иликтөө 2019-жылдын январында кайра калыбына келтирилген. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн. Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 киши айыпталууда.

Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши сотко өткөн. Калгандарынын иши азырынча сотко өтө элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости