www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги саясат таануучу Токтогул Какчекеевди кепке тартып, саясаттагы айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

--Токтогул мырза, коррупция боюнча иш козголгондорду парламентке жолобой турган кылууга мыйзам жол береби?

--Кылмыш жаза кодекстеринде жана мыйзамда соттун өкүмү чыкканча кылмыш иши козголгондорго тоскоолдук кылынбасы жазылып турат. Бирок, соттолуп келгендерге депутат болууга мүмкүнчүлүк берилбесин деген тоскоолдуктар бар... 

--Бу сапар коррупционерлер шайлоого баргандан тартынып, таза инсандарга жол берет деп үмүт артсак болобу?

--Шайлоодо күтүлбөгөн жагдайлар болушу мүмкүн. Айтайын дегеним, “Чон казаттын” жолун жолдогондор көбүрөөк болсо, 29 жылдан бери элдин канын соруп келаткандардын тилеги соолуп, жайдак калышат. Ошондуктан жанын сактап калыш үчүн акчаны аяшпай болушунча чачышат. Тагыраагы, куда-сөөктү, мамилени, динди, караларды баарын чогултуп, бийликте калуунун аракетин көрүшөт. Же болбосо кыжырланган элдин өч алмайы башталат.

--Неге бийликке келгендердин көпчүлүгү миллионер болгусу келет? Же бийликтин табияты ушундайбы?

--Биз сүткор, соргок бийликтин азабынан алдыдагы байлыгыбызды алдырганбыз. Бирок, бийликке келгендердин баары миллионер болгусу келишет. Анткени, уурулук паракорчулук мамлекеттик кызматтагылардын каада-салты болуп калган. Ошон үчүн Казакстанга, Өзбекстанга ал эмес Тажикстанга да теңеле албай жатабыз. Жетекчилерибиз алдым, жуттумдун таасири менен девальвация болуп калган. Мисалы, орустардан келген күйүүчү май күнү-түнү тажик тарапка кетет. Аны кой деп көзөмөлдөгөн жан жок. Кыскасы, кайраттуулук, мекенчилдик сезим, мекен алдындагы милдеттин баары акчанын астында калган заманда жашап жатабыз.

--Азыр айрым эксперттер ЕАЭСтен чыксак туура болот деген ойлорун айта башташты. Ал биримдиктен  чыксак эле Кыргызстан көз карандылыктан кутулуп, эгемендүүлүгүбүздү колго алабызбы?

--ЕАЭСтен кетсек тоголок жетим болуп, ошондо биротоло эгеменсиз болуп калабыз. Менимче мындай ойду жүгүрткөн батыштын токочун кемирген каңгы баштар айтып жатат. Чынында ЕАЭСтин пайдасы Кыргызстанга чоң экени азыр деле байкалып турат. ЕАЭСтин пайдасын түшүнө албагандар улутчул позициянын жолун чаап, терс маанайдагы ойду айтып жатышат. ЕАЭСти пайдасын көрүш үчүн ал жерге кесипкөй жана тил билген, орустун тарыхын, маданиятын билген азаматтарды кызматка коюш керек. Анткени, билими тайкы болсо, ишке терең кирише алышпайт. Ошон үчүн аксап жатабыз. Ачыгын айтканда, мындай абал  ЕАЭС менен иштешкендерде эле эмес, өкмөттө да толтура. Өкмөттөгүлөрдүн чыныгы деңгээлин COVID-19 көрсөтүп койду. Көпчүлүгү ишти эмнеден баштаарын билбей шалдырап эле отуруп калышты го.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости