www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл күзүндө өтүүчү президенттик шайлоодо анын жеңишке жетишин Россиянын президенти Владимир Путин каалабайт. Бул тууралуу АКШ президенти жергиликтүү басылмаларга билдирген.

"Ал мени жакшы көрөт. Бирок Путин менин шайлоодо жеңишимди каалабайт", - деген Трамп.

Анын билдирүүсүндө, Кытай дагы Трамптын шайлоодон жеңишке жетишин каалабайт.

Мындан тышкары Дональд Трамп шайлоодогу башкы атаандашы, АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байдендин эч кандай оң сапаттары жок экенин айткан. Ал эми Жо Байден өлкөдө коронавирус инфекциясы күчөп жатса Трамп гольф ойноп жүрөт деп сынга алган.

АКШда президенттик шайлоо ушул жылы 3-ноябрда өтөт. Анда Трамп экинчи мөөнөткө аттанат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости