www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ өзгөчө абал учурунда коммуналдык кызматта иштегендерге жана ыктыярчыларга жолдо жүрүүгө өткөрмө кагаз алып бергенге жардамдашканы үчүн Бишкек мэринин коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова түшүндүрмө берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу журналисттерге өзү билдирген.

Анын айтымында, ага милициядан түшүндүрмө берүү талабы менен билдирүү жөнөтүшкөн.  

«Бул жапайычылык! Мен «Түндүкэлектр», Батыш РЭС, Бишкексууканал үчүн уруксат кагаз алганга жардам бергем. Мен түшүндүрмө берем, маселе жок. Өткөрмө кагаздар жардамга муктаждарга азык-түлүктөрдү жеткирген ыктыярчыларга, дарыгерлерди жумушка жеткирип, жумуштан алып кеткендерге берилген. Бир дагы пропуск туура эмес берилген эмес,  мага доо коюп жатышат!», — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости