www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө короанвирустун жайылышы басандап баратканын, чектөөлөрдү кыскартуу үчүн мүмкүндүктөр жаралып жатканын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын жогорку даражалуу аткаминерлери менен өткөргөн видео конференциянын алкагында сүйлөдү.

Путиндин айтымына караганда, Москвада жана өлкөнүн башка аймактарында коронавирустун жаны учурлары азайганы байкалган.

Азыркы учурда Орусия коронавирусту жуктурган адамдардын саны боюнча АКШдан кийин экинчи орунда турат. Акыркы статистикага ылайык, бул өлкөдө илдетке чалдыккан адамдардын саны 326 миңден ашты, ал эми каза болгондордун саны 3 миң 249 адамга жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости