www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курал Чокоевдин “бай эмеспиз, үйүм жок, унаам жок” деген видеосуна телеалыпаруучу, актриса Назира Айтбекова жеке пикирин кошту. Айтбекова анда ырчыны колдой турганын, анын пикири туура экенин түшүндүрүп берген.

“Куралдын ырчылар бай эмес деген видеосу жакты абдан. Биз артистер бири бирибиздин жашоо - турмушубузду билебиз да.  Сырттан көргөн адамдар укмуш, жыргал жашоо, бай жашоо ушулардыкы дешет. Чет өлкөдө болгондур. Бизде андай жок. СССР дин Эл артистери бир бөлмөлүү жатаканада жашашат. Белгилүү, белдүү актер, актриса эжелер он миңге жетпеген айлык акы алышат. Бирок тырбалаңдап, тигил жакка чуркап, бул жакка чуркап бирдеме кылып жүрөбүз. Мамлекеттен "Келе " деген жерибиз жок. Жардыбыз. Анан оңдуу унаа айдап калсак, аны аябай кыйкырып мактанабыз. Оңдуу үйдө жашап калсак, аны аябай түз эфирге чыгып алып жар салабыз. Оңдуу көйнөк кийсек, кайра - кайра басабыз. Көрбөгөндүн көргөнү курусун! Анан эмне кылабыз?

Курал экөөбүзгө окшогондор тапкан ташыганын алгач ата - энебизге чаптайбыз. Алар оңдуу үйдө жашасын, жөө баспасын дейбиз. Өзүбүз эптеп бир бөлмөлүү батир алып жашайбыз. Бирок өлө бактылуубуз. Жүрөгүбүз тынч. Ата - эненин карызынан кутулуп аткандай.  Анан эле эл сенде жокпу дешет. Ылайым болсун! Оозуңарга май! Өткөндө бир ырчы квартирасынын акчасын төлөй албай атканын жазды эле. Айрым адамдар "Сооп болот " деп аябай ичиндеги кусундусун төгүшүптүр. Коррупционерлерге төккүлө да ызаңарды! Ырдап анан сүйлөп алган акчабызда эмне айып??
Азаматсың, Курал! Чындыгың үчүн рахмат!”,-деп өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасынан жазып чыкты.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Куралдын ырчылар бай эмес деген видеосу жакты абдан. Биз артистер бири бирибиздин жашоо - турмушубузду билебиз да.  Сырттан көргөн адамдар укмуш, жыргал жашоо, бай жашоо ушулардыкы дешет. Чет өлкөдө болгондур. Бизде андай жок. СССР дин Эл артистери бир бөлмөлүү жатаканада жашашат. Белгилүү,  белдүү актер, актриса эжелер он миңге жетпеген айлык акы алышат. Бирок тырбалаңдап, тигил жакка чуркап, бул жакка чуркап бирдеме кылып жүрөбүз. Мамлекеттен "Келе " деген жерибиз жок. Жардыбыз. Анан оңдуу унаа айдап калсак, аны аябай кыйкырып мактанабыз. Оңдуу үйдө жашап калсак, аны аябай түз эфирге чыгып алып жар салабыз. Оңдуу көйнөк кийсек, кайра - кайра басабыз. Көрбөгөндүн көргөнү курусун! Анан эмне кылабыз?)))) Курал экөөбүзгө окшогондор тапкан ташыганын алгач ата - энебизге чаптайбыз. Алар оңдуу үйдө жашасын, жөө баспасын дейбиз. Өзүбүз эптеп бир бөлмөлүү батир алып жашайбыз. Бирок өлө бактылуубуз. Жүрөгүбүз тынч. Ата - эненин карызынан кутулуп аткандай.  Анан эле эл сенде жокпу дешет. Ылайым болсун! Оозуңарга май! Өткөндө бир ырчы квартирасынын акчасын төлөй албай атканын жазды эле. Айрым адамдар "Сооп болот " деп аябай ичиндеги кусундусун төгүшүптүр. Коррупционерлерге төккүлө да ызаңарды! Ырдап анан сүйлөп алган акчабызда эмне айып?? Азаматсың, Курал! Чындыгың үчүн рахмат!

Публикация от Nazira Aytbekova (@naziraaytbekova)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости